Күзүндө парламенттик шайлоого катышкан партияларга күрөө акысы кайтарылып берилет

Күзүндө парламенттик шайлоого катышкан партияларга күрөө акысы кайтарылып берилет.

БШК мүчөсү Искендер Гайпкулов билдиргендей, мындай чечим кечээги комиссиянын

жыйынында кабыл алынды. Каражат депозиттик эсепте сакталып турган 80 миллион

сомдун эсебинен берилет. Тагыраагы, 16 саясий партиянын ар бирине 5 миллион

сомдон туура келет. Белгилеп кетсек, былтыр 4-октябрда өткөн Жогорку Кеңешти

шайлоонун жыйынтыгы бир катар мыйзам бузуулардан улам жокоо чыгарылган.