Алматыда жумушчулардын 70 пайызына үйдө отуруп иштөө сунушталды.
Жергиликтүү басылмалардын маалыматында, токтом мамлекеттик кызматкер,
менчик иш-каналар, уюмдар менен мекемелердин кызматкерлерине тиешелүү.
Белгилеп кетсек, коңшу өлкөнүн Нур-Султан жана Алматы шаарларында
карантин жарыяланды. Бүгүн түндөн тарта пандемияга каршы иш-чаралар
аткарылат. Учурда вирус жуктуруп алгандардын саны 35ке жетти.