Синоптиктер ноябрдагы аба-ырайы тууралуу айтып беришти

Синоптиктер ноябрдагы аба-ырайы тууралуу айтып беришти. Күздүн соңку айына карата божомолду Кыргызгидромет түздү.

 

Ага ылайык, өлкөнүн түндүгүндө термометр мамычалары күндүз +12ге чейин көтөрүлсө, түнкүсүн 2 градус суук болот.

 

Ал эми түштүктө күндүзгү температура +6 градустан +17ге чейин көтөрүлөт. Түнкүсүн -2 градус сууктан, +7 градуска чейин жылуу болушу күтүлөт. Жаан-чачын норманын тегерегинде болушу күтүлүүдө.