Ордо калаанын унаа токтотуу жайлары эс алуу жана майрам күндөрү акысыз болот. Бул тууралуу мэрия эскертет. Иш күндөрү унааны токтотуу акысы -25 сом.
Белгилеп кетсек, муниципалдык операторлор “Бишкектин парковкалары жана унаа токтотуу жайлары” деген жазуусу бар атайын кийимчен иштейт, алар ар бир унаа ээсине сөзсүз түрдө мөөр басылган талон берет, — дешти муниципалитеттен.