Кыргызстанда бензиндин баасы кымбаттоосун улантууда

Кыргызстанда бензиндин баасы кымбаттоосун улантууда. Алсак, 95-үлгүдөгү бензиндин бир литринин наркы апрель айында 50 сомго жетти. Өткөн жылдын декабрь айына карата салыштырсак, баалар 34,2 пайызга көтөрүлдү, — деп маалымдайт Улуттук банк.

 

Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, эң жогорку баа Исфана шаарында катталды – бир литр 52 сомго барабар.

 

Баткенде – 51 сом 72 тыйын. Ал эми эң арзан бензин Балыкчы шаарында – 48 сом 37 тыйын болсо, Нарында 48 сом 60 тыйынга барабар.