Кайгуул милиция кызматы айдоочуларды унааларга жасалма номерлерди колдонбоого чакырат

Кайгуул милиция кызматы айдоочуларды унааларга жасалма номерлерди колдонбоого чакырат. Ведомстводон эске салышкандай, жасалма номер менен жүрүү үчүн 20 миңден 30 миң сомго чейин айып салынат.

 

Ал эми мамлекеттик номерди өз алдынча жасап алуу үчүн 60 миң сом айып каралат. Кошумчалап кетсек, айдоочулар “Коопсуз шаар” камераларына катталуудан качып, номерлерин жашырып же жасалмалап жүрүшөт.