Смартфонду үзгүлтүксүз колдонуу акыл-эстин начарлашына алып келет

Смартфон жана компьютерлерди үзгүлтүксүз колдонуу мээнин

чарчоосуна жана акыл-эстин начарлашына алып келет.

Япониялык нейрохирург Аюми Окумуранын айтымында,

адам көп маалыматтарды ала баштаганда мээ аны иштеп

чыгууга үлгүрбөй алсырай баштайт. Бул көйгөйдү алдын

алуу үчүн смартфондордон алыстап, түндө жетиштүү

деңгээлде уктоо керек. Андан тышкары, тамактанып

жатканда гаджеттерди колдонбоо сунушталат.

Смартфонду көп пайдаланууда адамдын

булчуңдарынын өсүшү токтоп, көрүү начарлайт.