«Коопсуз шаар» долбоорунун айыптарды көзөмөлдөөчү сервиси жакынкы арада кайрадан иштеп баштайт

«Коопсуз шаар» долбоорунун айыптарды көзөмөлдөөчү сервиси

жакынкы арада кайрадан иштеп баштайт. Бул тууралуу Жол

кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө башкы башкармалыгынан

novosti.kgге билдиришти. Маалыматка караганда, “Инфоком”

ишканасы техникалык иштерди жүргүзүп жаткандыгына

байланыштуу автоматташтырылган маалыматтык система

үзгүлтүккө учурады. Мындан улам айыптарды төлөө мөөнөтү

узартылат. Эске салсак, 7-мартта «Коопсуз шаар» системасынын

ар кайсы сервистерине жооп берчү жабдуунун иши үзгүлтүккө

учураган. Бул жагдай эреже бузууларды каттоо жана

аппараттык-программалык комплекстердин ишине

таасир эткен жок. Жабдуу кадимкидей эле иштеп жатат.