Кыргызстандык бийчилер спорттук жана бал бийи боюнча
эл аралык мелдеште 23 медаль утушту. Бул тууралуу Дене
тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, бий жарышына 14 өлкөдөн
3 миң 37 жуп катышты. Анда кыргызстандык бийчилер 17 алтын,
3 күмүш жана 3 коло байгеге ээ болушту. Турнир 9-мартта
Россиянын Москва шаарында жыйынтыкталды.