Кыргызстанда май куюучу бекетте сатылган бензиндин ар бир литринен салык алуу каралууда

Кыргызстанда май куюучу бекетте сатылган бензиндин ар бир литринен салык алуу каралууда. Каражат жалпы жолдорду кароого багытталат. Унаа жана жолдор министрлиги бул идеяны өткөн жылы көтөргөн. Эми министрлер кабинети мыйзам долбоорун парламенттин кароосуна жөнөттү.

 

Бул жерде «ким көп жүрсө, ошол көбүрөөк төлөйт» деген принцип сунушталууда. Айдоочулардын чөнтөгүнөн канча акча кетери азырынча белгисиз, анын көлөмүн министрлер кабинети аныктайт. Акчаны Жол фондуна которуу сунушталып жатат.

 

Трассаларды карап, оңдоп-түзөп туруш үчүн жылына 10 миллиард сом керектелет.