Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 82,5 миң доза вакцина сатып алды

Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоого каршы 82,5 миң доза вакцина сатып алды. Ведомство маалыматына ылайык, препарат аймактарга жөнөтүлүп, эмдөө башталды.

 

Биринчи кезекте вакцинация медициналык кызматкерлерге, көп ооруган балдарга, тубаса дарты бар жарандарга жана 65 жаштан жогоркулар менен кош бойлуу аялдарга жасалат.