WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот

WhatsApp мессенджеринде жаңы функция пайда болот. Ал тайпаларды жакшы көргөн, бирок телефонго билдирүүлөр келе бергенди жактырбагандар үчүн пайдалуу.

 

Алсак, эгер тайпада катышуучулардын саны 256дан көп болсо, тиркеме өзү билдирүүлөрдү өчүрүп салат. Каалоочулар аны өз алдынча күйгүзүп алса болот. Жаңычылдык жакынкы арада бардык платформаларда ишке берилет.