Кыргызстанга Кувейт жана Катардан 107 жаран келди

Кыргызстанга Кувейт жана Катардан 107 жаран келди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Андан такташкандай, кыргызстандыктар Эль-Кувейт-Доха-Бишкек каттамы менен жеткирилди.

 

Алар эми обсервацияга жаткырылат. Белгилеп кетсек, буга чейин министр Чыңгыз Айдарбеков чет өлкөлөрдөн Кыргызстанга кайтаруу суранычы менен 8 миң кыргызстандык кайрылган.