Социалдык өнүгүү боюнча Кыргызстан 81-орунда турат.
Эксперттердин билдирүүсү боюнча тизмени түзүүдө басым баштапкы билим берүү,
калктын билим деңгээли, саламаттыкты сактоо жана айлана-чөйрөнү коргоонун сапаты каралды.
Ошондой эле адамдын мүмкүнчүлүгүн ишке ашыруусу жана чечимди кабыл алуулар эске алынды.
Өткөн жылдагы рейтингдин лидери Норвегия болду.
Үчилтикке ошондой эле Дания жана Швейцария кирди.