Бишкекке дарылардын жаңы партиясы ушул жумада жеткирилет

Бишкекке дарылардын жаңы партиясы ушул жумада жеткирилет. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов жарыялады. Өкмөт башчы тиешелүү органдарга зарыл болгон препараттардын толук тизмесин түзүп, жакынкы айларга жете турган резерв толуктап коюуну тапшырды.

 

Дарылар менен ошондой эле аймактар дагы камсыздалышы керек.

 

Белгилеп кетсек, Бишкектин дарыканаларында узун кезектер орун алууда. Кээ бир препараттардын баасы кескин кымбаттаса, айрым дарыларды табуу дээрлик мүмкүн болбой жатат.