“Сосновка” түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөө алынды

Бишкек-Ош жолунун “Сосновка” түйүнүндө жүк ташуучу унааларга чектөө алынды.

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти.

Бирок оор жүк ташыгандарды аба ырайынын туруксуздугуна жана кар көчкү түшүү ыктымалдыгына байланыштуу Төө-Ашуу, Ала-Бел, Көк-Бел, Өтмөк, Чапчыма жана башка ашууларга баруудан карманууну суранабыз, — деп айтылат маалыматта.