Сузак районунда жаңы бала бакча пайда болду

Сузак районунда жаңы бала бакча пайда болду. Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Таш-Булак айылындагы мектепке чейинки билим берүү мекемеси 75 бөбөккө чакталат.

 

Бакча бардык шарттар менен камсыздалган. Анын курулушуна 24 миллион сом жергиликтүү бюджет жана облустун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн.