Бишкектен Баткенге 100 тонна гумжардам жөнөтүлөт

Бишкек мэриясы Баткен облусуна 100 тонна гуманитардык жүк жүктөлгөн унааларды жиберүүгө даярданууда. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы жеринен билдирди.

Чогулган гумжардамдын баары Баткен облусуна жеткириле турганы айтылды. Учурда ордо калаадагы ар бир акимчиликте жардам штабдары ачылган. Эгер көмөк көрсөтүүнү каалагандар болсо, (0774) 00-77-35, (0990) 99-94-44, (0999) 85-55-58, (0559) 03-85-85 телефондоруна чалса болот.