Казакстанга баруу үчүн 16 жашка чыга элек балдардан дагы паспорт талап кылынат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти. Кыргыз-казак өкмөттөрүнүн ортосундагы келишимге өзгөртүүлөр киргизилип, эреже 15-октябрдан тарта күчүндө.
Эске салсак, буга чейин 16 жашка чыга электер чек ара аркылуу туулгандыгы тууралуу күбөлүк менен эле өткөрүлүп келген.