Кыргызстандагы калкты тейлөө борборлору 9-августтан тартып мурдагы иш графигине өтөт

Кыргызстандагы калкты тейлөө борборлору 9-августтан тартып мурдагы иш графигине өтөт.

Мамлекеттик каттоо кызматынан билдиришкендей, келаткан дүйшөмбүдөн тартып, борборлор,

жарандык абалдын актыларын, калкты каттоо жана паспорттоштуруу  бөлүмдөрү саат 9дан

кечки 6га чейин ачык болот. Эске салсак, быйыл 4-июлдан тартып өлкөнүн бардык калкты

тейлөө борборлору эртең мененки саат 8ден кечки 7ге чейин иштеди. Бирок, бул графиктин

натыйжасы жок болгондуктан кадимки режимине кайтаруу чечими кабыл алынды.