Кыргызстан Кытайдан коронавирус инфекциясын аныктоочу 30 миң экспресс-тест сатып алат.
Республикалык штабдан билдиришкендей, медициналык каражаттардын баасы
112 миң долларга бааланды. Жакынкы күндөрү алар Саламаттыкты сактоо
министрлигине жеткирилет. Буга чейин Кыргызстан коронавирусту 20 мүнөттө
аныктай турган 5 миң экспресс-тест сатып алган.