Стилисттер жай үчүн идеалдуу кийимди аташты. Ал – лен кездемесинен тигилген көйнөк жана шорты.
Адистердин айтымында, мындай айкалыш бир эле учурда саркеч болууга жана аптаптуу ысыктан сактанууга жардам берет. Бул образды сандали жана себет-баштык менен толуктап койсо болот.
Лен көйнөк-шорты шаардагы сейилдөөлөргө дагы, пляждагы эс алууга дагы ылайыктуу.