Владимир Путин 9 жаштагы баланын кыялын орундатып, аны менен хоккей ойноду

Владимир Путин 9 жаштагы Диманын кыялын орундатып, аны менен Кремлде хоккей ойноду. Бул тууралуу россиялык басылмалар жазып чыгышты.
Челябнский облусунан келген Дима балдардын кыялын орундаткан «Тилек дарагы» акциясына катышкан. Анда ал Кызыл аянтта коньки тебүүнү жана Орусия президенттинин иштеген жерин көрүүнү тилек кылганын айткан.
Владимир Путин 9 жаштагы баланын тилегин орундатып, аны менен Кремлдеги муз аянтына чыгып хоккей ойногон.