Эл аралык блогерлер Кыргызстандагы кышкы туризмди дүйнөгө даңазалап жатышат.
Маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей,
чет тилдүү саякатчы-блогерлер тобуна тур тартууланат. Анда лыжа жана
сноубордду колдонуу менен фрирайд, параглайдинг, жаратылыш жайларын,
маданий иш-чараларды жана тоо лыжа базаларын кыдыруу бар.
Блогерлер даярдаган видео материалдар хэштег боюнча
Facebook, Twitter, Instagram социалдык тармактарына жүктөлөт.