Кыргызстандык бийчилер эл аралык бал бий турниринде алтын медаль утушту

Кыргызстандык бийчилер эл аралык бал бий турниринде алтын медаль утушту.

Иш-чара Дубайда өтүп, ага дүйнөнүн 18 өлкөсүнөн келген 43 түгөй катышты.

Кыргызстандык дуэт Артем СемерЕнко жана Валерия Качалко “Чоңдор Латина”

категориясында чыгып, биринчи орунду багындырышты. Буга чейин аталган жуп

Украина жана Норвегияда өткөн сынакта күмүш медалга ээ болушкан.

Ал эми дүйнөлүк рейтингте алар 2 миң 220 бийчинин ичинен 21-орунда турат.