Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды

коррупция

Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын жетекчиси пара берип жаткан жеринен кармалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кызматкер мекеменин эмгек сапарга

сарптала турган бюджеттик каражатын негизсиз менчиктеп алган. Кылмышты жашыруу максатында

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын өкүлдөрүнө 70 миң сом пара сунуштаган.

Шектүү Талас облустук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Тергөө иштери уланууда