Караколдо тамактануучу жайдагы жарылуу фактысы боюнча иликтөө башталды

Караколдо тамактануучу жайдагы жарылуу фактысы боюнча иликтөө башталды. Бул тууралуу novosti.kgге Ысык-Көл ички иштер башкармалыгынан билдиришти. Бардык тергөө иш-чаралары экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин башталат.

 

Алдын ала маалыматка ылайык, газ баллон коопсуздук техникалары сакталбагандыктан жарылып кеткен.

 

Эске салсак, кырсык кечээ Караколдо тез тамактануучу түйүндөрдүн биринде катталып, 19 жаштагы кыз каза тапты, дагы   6 адам жабыркады.