Бишкектин Касым конушундагы бала бакчаны оңдоо иштери аяктады

Бишкектин Касым конушунда жайгашкан №1 «Шоола» бала бакчасын оңдоо-калыбына келтирүү иштери аяктады.

Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бала-бакчада жасалгалоо иштери толугу менен аткарылып, биринчи жана экинчи кабаттардагы жыгач, кафель полдору, жер астындагы инженердик коммуникациялар жана электр зымдары алмаштырылып, терезе жана эшик блоктору оңдолуп, толугу менен алмаштырылды, ошондой эле бардык тосмолор алмаштырылып орнотулду.