Сузакта өсүмдүк майын өндүргөн жалгыз ири ишкана кайрадан иштей баштады.
Novosti.kgге район акими Баратбек Сыдыкназаров билдиргендей, керектелүүчү сырье Россия жана Казакстандан алып келинип, өндүрүлгөн май Жалал-Абад жана Ош облустарына сатылууда.
Жеке ишкер иштете баштаган заводдо 72 жаңы иш оруну түзүлүп, азырынча күнүнө 30 тонна май чыгарылууда.
Эске салсак, өнөр жай мекемесиндеги жумуш 2019-жылдан бери токтоп турган.