Кыргызстан жана Казакстан электроэнергия алмашууну макулдашты.
Энергетика министри Кубанычбек Турдубаевдин айтымында, коңшу республикадан
900 миллион киловатт-саат электроэнергия импорттолот. Аларды туура көлөмдө
биздин өлкө кайра 3 жыл аралыгында кайтарып берет. Министр белгилегендей,
ошондой эле электроэнергия алмашуу боюнча Өзбекстан менен дагы макулдашуу жетишилди.
Анын негизинде 628 миллион кубометр суу сакталып калды