Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлдү

Инвестициялар жана өнүктүрүү боюнча агенттиги мамлекеттик мекемесинин базасында президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик түзүлдү.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Агенттик бирдиктүү мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу, чет өлкөлүк инвестицияларды тартууну координациялоо, эл аралык финансылык институттар жана чет өлкөлүк өкмөттүк финансылык уюмдар менен кызматташуу боюнча жооптуу орган болуп эсептелет.

Мекеменин директорлугуна Равшанбек Сабиров дайындалды.