Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов кызматын тапшырды

Жогорку Кеңештин вице-спикери Улан Примов кызматын тапшырды.
Ал «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынан төрага шайланганына байланыштуу моралдык жоопкерчиликти сезип иштен кетип жатканын айтты.
Эми ал катардагы депутат болуп калат. Ал эми түштөн кийин жаңы вице-спикер шайлана турган болду.
Белгилей кетсек, өткөн жумада ушул эле фракциядан Нурлан Шакиев төрага болуп шайланган болчу.
Мындан сырткары, Бактыбек Сыдыков «Ата-Журт Кыргызстан» фракциясынын лидери болгонуна байланыштуу Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитеттин төрагалыгынан кетти.