Алтынбек Бегалиев архитектура, курулуш агенттигинин жетекчисинин орун басары болду

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчисинин орун басары болуп Алтынбек Бегалиев дайындалды. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

 

Тиешелүү буйрукка министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон.

Маалыматка таянсак, жаңы орун басарды жамаатка президенттик администрациянын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгынын жетекчиси Айбек Жунушалиев тааныштырды.