Түп районунун Каркыра айылында таза суу маселеси чечилет.
Турмуш басылмасы билдиргендей, суу түтүктөрүн жайгаштырууга 6 чакырымды түзгөн
чуңкурлар казылып, тармактарды туташтыруу иштери жүрүп жатат. Таза суу маселесин чечүүгө
12,5 миллион сом багытталат. Сумма республикалык бюджеттен бөлүнүп берилди.
Пландалгандай, жумуштар сентябрга чейин аяктайт.