ЕАЭБ өлкөлөрү арасында тоок жумурткасы Кыргызстанда кымбат

ЕАЭБ өлкөлөрү арасында тоок жумурткасы Кыргызстанда кымбат.

Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынан билдиришти.

Быйылкы жылдын март айындагы баалар боюнча, биздин республикада

1 миң тоок жумурткасынын баасы 100 долларды түздү, ал эми Казакстан жана

Россияда 82 доллардан ашкан жок. Ошондой эле Белоруста 70 долларга барабар.

Бул ЕАЭБ өлкөлөрү арасындагы эң төмөнкү баа. Ал эми эң кымбаты

Арменияда, анда 1 миң тоок жумурткасы үчүн 147 доллар төлөөгө туура келет.