Төрөбай Зулпукаров камакта калтырылды

Бишкек шаардык соту Жогорку Кеңештин депутаты Төрөбай Зулпукаровду абактан үй камагына чыгаруудан баш тартты. Бүгүн 24-августта анын бөгөт чарасы боюнча маселе шаардык сотто каралып, Биринчи Май райондук сотунун аны 30-сентябрга чейин абакта кармоо тууралуу чечими күчүндө калтырылганын «Азаттыкка» мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

 

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Төрөбай Зулпукаровду быйыл 31-майда кармап, тергөө абагына камакка алган жана ага Кумтөр кениндеги коррупциялык иштерге байланыштуу Жазык кодексинин 319-беренесинин (Коррупция) негизинде айып тагылганын билдирген. Ушул эле күнү мындай айып менен Жогорку Кеңештин депутаты, мурдагы төрагасы Асылбек Жээнбеков камалган. Шаардык сот 11-августта анын да бөгөт чарасын карап, 30-сентябрга чейин камакта калтырган.

 

Бүгүн шаардык соттун алдында Зулпукаровдун тарапкерлери акция уюштуруп, бошотууну талап кылышкан.

 

Төрөбай Зулпукаров парламенттеги Социал-демократтар фракциясынын лидеринин орун басары болчу. Экс-президент Сооронбай Жээнбековдун бир тууганы Асылбек Жээнбеков 2011-2016-жылдары Жогорку Кеңештин төрагасы болгон.