Чүйдө ээсине айтпай үйүнө адамдарды каттоого алгандарга кылмыш иши козголду

Чүйдө ээсине айтпай үйүнө адамдарды каттоого алгандарга кылмыш иши козголду. Башкы прокуратуранын маалыматына ылайык, Токмокто 2 айда  6 миң 745 адам каттоого турганы аныкталды.

 

Текшерүүдө тийиштүү кызматтардын өкүлдөрү ээсинин уруксаты жок жана керектүү документтерсиз эле үйлөргө адамдарды каттай бергени белгилүү болду. Ушундай эле көрүнүш Кемин, Аламүдүн райондорунда аныкталды. Материалдар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине каттоого алынып, сотко чейинки териштирүү башталды.