Россияда миграттардын жүрүү мөөнөтү 30-сентябрга чейин узартылды.
Тиешелүү документке президент Владимир Путин кол койду. Ага ылайык,
ушул убакка чейин документтерин узарта албай калган чет элдиктер
Россиядан депортацияланбайт. Буга чейин документ 2020-жылдын
декабрына чейин болсо, ал 15-июнга чейин узартылган. Кошумчаласак,
былтыр декабрдагы маалымат боюнча Россия аймагында
600 миңден ашык чет элдик мигрант жашайт.