Казакстандын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталды

Казакстандын ири шаарларында коронавирустун үчүнчү толкуну башталды.

Учурда Алматы кыйын кырдаалды башынан кечирүүдө. Бул тууралуу аталган шаардын акими Бакытжан Сагинтаев жарыялады.

Жай мезгилине салыштырмалуу бир сутка ичинде оору жуктургандар эки эсе көп катталууда.

Бул коронавирустун жаңы штаммынын аныкталышы менен байланыштуу.

Шаар башчысы коронавирустун жаңы штаммы тез жуга турганын айтып, ошол себептен ооругандардын саны бат өсүп жатканын белгилеген.

Буга чейин Алматыда коронавирустун «британиялык» жана «түштүк африкалык» штаммы аныкталганын

шаардын башкы санитардык дарыгери, Санэпидкөзөмөл департаментинин жетекчиси Жандарбек Бекшин билдирген.

Аталган шаар учурда «кызыл» зонада. Коңшу мамлекетте коронавирус жуктургандардын саны күн санап өсүүдө.

Өткөн суткада 1,5 миңге чукул адамдан оору табылып, 22 бейтап каза болгон.