Ысык-Көлдө 60 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

Ысык-Көл облусунда мыйзамсыз жеке менчикке өткөн 60 гектар жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

 

Билдирүүгө ылайык, «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин Ысык-Көл райондук бөлүмү тарабынан 2019-жылдын июль айында жокко чыгарылган соттун чечиминин негизинде Б.М. аттуу жаран «Рохат» жана «Алтын Көл» пансионаттарынын ортосунда жайгашкан 60 гектар жер тилкеси мыйзамсыз жеке менчигине өткөрүлгөндүгү аныкталган.

 

«Аталган жер тилкенин нарктык баасы 10 миллион 932 миң сомду түзөт. Жерди кайрадан мамлекетке кайтаруу чараларын жүргүзүү үчүн райондук прокуратура тарабынан Ысык-Көл райондук мамлекеттик администрациясына талап келтирилген. Анын негизинде Кара-Ой айыл өкмөтү сотко доо арыз менен кайрылып, соттук кароонун жыйынтыгында доо арыз толугу менен канааттандырылгандыгы тууралуу текшерүү учурунда такталган», — деп жазылат маалыматта.

Бүгүнкү күндө, Ысык-Көл райондук прокуратурасынын прокурордук сунушунун негизинде жогорудагы 60 гектар жер тилкеси кайрадан мамлекеттик менчикке алынды.