Түркиянын Сеферихисар аймагында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды

30-октябрда Түркиянын Сеферихисар аймагында күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталды. Силкинүүнүн күчү Сеферихисар аймагы менен чектеш Измир шаарында да сезилди. Стамбул жана Бурса сыяктуу ири шаарларда да жарандар зилзаланы сезишкен.

 

Жергиликтүү бийлик аймакта жер титирөөдөн жабыркаган жарандардын абалын тактап жатканын билдирген.

 

Түркиянын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, ушул жылдын башында Түркиянын баш калаасы Анкара шаарында жана Измир шаарында жер титирөө катталганын маалымдаган. Ал силкинүүдөн эч ким жабыркаган эмес.

 

Түркияда акыркы жолу катталган эң чоң зилзала 2011-жылдын 23-октябрында Ван аймагында болгон. Анын күчү 7,2 баллга жеткен. Зилзаланын очогу Ван аймагына караштуу Эржиш шаарында болгон. Бул кырсыкта 644 киши набыт болуп, эки миңге жакын киши оор жаракат алган. 110 миң турак жай жарактан чыккан.

 

Жалпысынан Түркияда расмий 25 миңден ашык кыргызстандык катталган. Алардын басымдуу бөлүгү Стамбул, Анкара, Измир жана Анталия сыяктуу ири шаарларда жашап, окуп же эмгектенет.