Түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Тик-Токтогу эң бай ашпозчу аталды

Түркиялык ашпозчу Бурак Өздемир Тик-Токтогу эң бай ашпозчу аталды.

Жергиликтүү басылмалардын маалыматында, анын кирешеси 11 миллион долларга бааланат.

Учурда Бурактын Тик-Токто 47 миллиондон ашык, ал эми инстаграмда 27 миллион катталуучусу бар.

Ашпозчу интернетте жасаган чоң көлөмдөгү тамактары жана өзгөчө күлкүсү менен таанымал.

Белгилеп кетсек, ашпозчунун ресторанына Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган,

Чеченстандын президенти Рамзан Кадыров, футболчулар Роналдиньо, Криштиану Роналду,

UFC мушкери Хабиб Нурмагомедов, белгилүү актёр Уилл Смит келип кеткен.