Кытайда эң кымбат сүрөт сатыкка чыгарылды. Кеп Сюй Бэйхундун “Кул жана арстан” картинасы тууралуу болуп жатат. Ал дээрлик 100 жыл мурда тартылган. Сүрөттүн максималдуу баасы – 59 миллион доллар.
Анын өзүнүн тарыхы бар: 2006-жылы картина аукциондон 6 миллион долларга сатылып, ошол кезде рекорд койгон.