Токтоболот Абдымомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма
театрын оңдоо иштери жанданды. Бул максатта мамлекеттик бюджеттен
44 миллион 723 миң сом бөлүндү, — дешти Маданият министрлигинен.
Учурда чатыр оңдолууда. Буга чейин 2019-20-жылдары республикалык
бюджеттен берилген каражатка театрдын сырты оңдолуп, эски айнектери
алмаштырылып, жылуулук системалары, көшөгөлөр, отургучтар жана
LED-экран алынган. Пандемиядан улам, каржылоо убактылуу
токтоп, ремонт иштери үзгүлтүккө учураган.