Түркияда кулаган учактан жабыркагандардын арасында 2 кыргызстандык жаран бар.
Тышкы иштер министрлигинин маалыматында, Кыргызстандын Стамбулдагы
Башкы консулдугунун кызматкерлери мекендештерди барып, көрүп келишти.
Дарыгердин айтымында, алардын абалы туруктуу. Эске салсак, кечээ Сабиха Гөкчен
эл аралык аэропортуна Измир-Стамбул каттамынан конуп жатканда учак үчкө бөлүнүп кетти.
Анда 177 жүргүнчү жана экипаждын 6 мүчөсү болгон. Кырсыктан 3 жүргүнчү каза тапты,
179 адам жабыркады. Алар 24 саат бою медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болот.
Андан кийинки абалына жараша бейтапканада калаары же чыгаары белгиленет.