Швецияда накталай акча колдонуу дээрлик жокко эсе

Швецияда накталай акча колдонуу дээрлик жокко эсе. Маалыматка ылайык, жүгүртүүдөгү накталай акчанын жалпы наркы өлкө ички дүң өндүрүмүнүн 1 пайызын гана түзөт.

 

Бул бүткүл дүйнө жүзү боюнча эң төмөнкү көрсөткүч.Швецияда майда гана төлөмдөр накталай жүргүзүлөт, бирок андай майда соода өтө сейрек кездешет. Шведдер төлөмдөрдү тиркемелер, кредит картасы же уюлдук телефон аркылуу жүргүзүшөт.

 

Айрыкча мындай төлөм пандемия учурунда өзгөчө көп колдонулган.