Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Арменияга барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Армениянын Ереван шаарына Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышуу үчүн барды.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, А.Жапаровду Армения Республикасынын вице-премьер-министри Мгер Григорян, Армения Республикасынын тышкы иштер министринин орун басары Армен Гевондян жана Кыргыз Республикасынын Армения Республикасындагы консулу Бабкен Седракян тосуп алды.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин, ошондой эле ЕАЭБдин байкоочу өлкөлөрү – Өзбекстан Республикасынын жана Куба Республикасынын өкмөт башчыларынын, Евразия экономикалык комиссиясынын коллегиясынын төрагасынын катышуусунда өтөт.

Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны тар жана кеңири форматта өтөт, ошондой эле Акылбек Жапаровдун Армения Республикасынын премьер-министри Никол Пашинян, Беларусь Республикасынын премьер-министри Роман Головченко жана Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрөрү пландалууда.