Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду сактап калды

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнөлүк рейтингде биринчи орунду сактап калды. Жаңыланган тизме Олимпиада оюндарынан кийин жарыяланды. Токиодо өткөн оюндарда Тыныбекова экинчи орунду ээлеп, 78 упай топтой алды.

 

Экинчи балбан Акжол Махмудов экинчи сапта жайгашты. Олимпиадада ал дагы күмүш медаль тагынды.

 

Белгилеп кетсек, буга чейин Махмудов дүйнөлүк рейтингде жок болчу.