Алты айда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 136 млн сомдон ашык айып салынды

Кыргызстанда алты айда айлана-чөйрөнү булгагандыгы үчүн 136 млн сомдон ашык айып салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Динара Кутманова билдирди. Ал белгилегендей, мындан тышкары, экологияга келтирилген зыяндын ордун толтуруу үчүн 5 млн 112 миң 101 сом айып салынып, жаратылышты коргоо мыйзамдарын… Кененирээк…

Кыргызстанга Алтайдан 35 марал алып келинет

Кыргызстанга Алтайдан 35 марал алып келинет. Бул үчүн Таластагы кен иштеткен компания 2,5 миллион сом бөлдү. Жаныбарлар Алтай Республикасынан алып келинип, Кыргызстандын жапайы жаратылышына кое берилет. Бул иш быйыл жарыяланган “Тоолордун экосистемасын жана климаттык туруктуулукту коргоо жылы жөнүндө” жарлыкты аткарууну көздөйт.

Ош шаарында жер алдындагы таштанды контейнерлерин орнотуу боюнча сыноо долбоору башталат

Ош шаарында жер алдындагы таштанды контейнерлерин орнотуу боюнча сыноо долбоору башталат. Түштүк борбор мэриясынан билдиришкендей, атайын объекттер тандалган 7 жерде пайда болот. Орнотууга каражат жергиликтүү бюджетте каралган. Маалым болгондой, Ош шаарында мындай долбоор биринчи жолу ишке ашырылып, экологияны сактоо жана шаардын эстетикалык көрүнүшүн түзүүгө багытталат.

Японияда сакура гүлдөй баштады

Японияда сакура гүлдөй баштады. Ал гүл ачкан маалда жергиликтүү тургундар көчөгө чыгып, үй-бүлөлөрү жана кесиптештери менен пикниктерге чогулушат. Бирок акыркы эки жылдан бери бак-дарактарга суктануу эпидемиологиялык оор кырдаалдан улам чектелүү болду.

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

«Бишкекжашылчарба» муниципалдык ишканасына жаңы жетекчи дайындалды. Муниципалитеттин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, Эсенбек Кылжыров “Бишкекжашылчарба” муниципалдык ишканасынын директору болуп дайындалды. Тиешелүү буйрукка Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров кол койду. Ал эми мурунку жетекчи өз каалоосу менен иштен кетти.

Кыргызстанда жыл сайын 5-6 миллион көчөт отургузулат

Кыргызстанда жыл сайын 5-6 миллион көчөт отургузулат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Жалпы Кыргызстан боюнча Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылынын алкагында «Жашыл мурас» улуттук өнөктүгү башталды. Бул өнөктүк салттуу болуп, жыл сайын өлкөнүн бардык аймактарында 5-6 миллион көчөт отургузуу пландалууда, — деди мамлекет… Кененирээк…

Кыргызстанга октябрда Өзбекстандан 15 жейрен алынып келинет

Кыргызстанга октябрда Өзбекстандан 15 жейрен алынып келинет. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын биология институтунун омурткалуу жаныбарлар лабораториясынын жетекчиси Аскар Давлетбаков билдирди. Анын айтымында, биздин өлкодө жейрендер толук жок болду. Келе турган 15 баш жаныбарлардын популяциясын калыбына келтирүүгө жардам берет. Андан кийин Кыргызстан башка өлкөлөрдөн дагы… Кененирээк…

Кыргызстанда уран менен торий казууну мамлекеттик компаниялар жүргүзөт

Кыргызстанда уран менен торий казууну мамлекеттик компаниялар жүргүзөт. Бул тууралуу энергетика жана өнөр жай министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди. Анын айтымында, эки жыл мурда уран менен торийди казууга тыюу салынган. Эгер жаңы кодекс кабыл алынса, анда айрым беренелер өзгөртүлөт. Уран менен торийди казууда коопсуздук… Кененирээк…