Кыргызстанга октябрда Өзбекстандан 15 жейрен алынып келинет

Кыргызстанга октябрда Өзбекстандан 15 жейрен алынып келинет.

Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын биология институтунун

омурткалуу жаныбарлар лабораториясынын жетекчиси Аскар Давлетбаков билдирди.

Анын айтымында, биздин өлкодө жейрендер толук жок болду. Келе турган 15 баш

жаныбарлардын популяциясын калыбына келтирүүгө жардам берет. Андан кийин

Кыргызстан башка өлкөлөрдөн дагы алып келүү боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эске салсак, жейрен кызыл китепке киргизилген. Жаныбарды

мыйзамсыз атуу үчүн 1 миллион сом айып салынат.